Баткен 2020
Баткендеги согуш туткундарынын тарыхы
Баткен аймагында кендерде иштеген согуш тукундарынын тагдыры, айтылбай калган тарыхын ачууга болгон алгачкы аракет.
Айтылбаган жана белгисиз туткундар

Согуш туткундарынын тарыхы Кыргызстанда ар тараптуу терең иликтөөгө толук алына элек жана ал салыштырмалуу аз изилденип келген маселелерден. Ал эми Баткенде ал тууралуу айтылбайт жана бул тарых жок.

Согуш учурунда Россиянын аймагындагы ири кендер басып алынган мезгилде негизги ишканалар чыгышка тагыраагы Орто Азия тарапка да которулган. Анын ичинде бир тобу Кыргызстанга да келген. Согуш учурундагы абалды эске алганда согуштук ок-дарылар үчүн сырьёну өндүрүү өтө курч турган маселе катары болгон. Ошол себептен СССРдин чыгыш тарабындагы бар болгон бардык табигый кендерди изилдөө жана аларды иштетүү ылдам жана активдүү ишке ашырыла баштаган. Мындай иш аракетке совет бийлиги болгон ресурстарды колдонгон жана ал толугу менен аткарылган. Мисалы азыркы Баткен областынын аймагынан Кадамжай, Айдаркен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Кан-и-Гут Меликсуу жана Советское поселогу ж.б., жерлерден коргошун, цинк, сымап, сурьма, вольфрам ж.б., заттар өндүрүлгөн. Кыргызстан согуш учурунда ок-дары үчүн керектелген сурьманын 85% берип турган. Ал эми Айдаркенден өндүрүлгөн сымап ар бир патрон жана жардыргычта колдонулгандыгы белгилүү.

Эми ойлонуп көрүңүз, бир эле азыркы Баткен областынын аймагындагыл согуш учурунда уулуу зат өндүргөн жерлерди алалы, алардын саны онго жакын болсо, бул кендердеги жумушту кимдер аткарган?, кимдер ошол уулу заттарды өндүргөн?, деген суроо жаралат. Анткен бул мезгилде жумушка жарамдуулар согушта эмеспи эле.
- Жооп алардын басымдуу бөлүгү согуш туткундары болушкан.

Советское поселогунда (Кан айылы) немец туткундары коргошун өнүрүүшүндө иштешкен, бул кендин расмий тарыхы коргошун өндүрүлгөн деп жазылган чындыгында бул жерден алтын жана уран өндүрүшү болгондугу толук мүмкүн.
Төмөнкү сүрөт Кан айылындагы коргошун өндүрүлгөн катлаван көлгө айланган.
2
Зыяндуу зат өндүргөн кендерде туткундар болгон
Кендердин баарында согуш туткундары болгону белгилүү. Баткендин аймагындагы кендердеги согуш туткундарынын тарыхы 1914-1918-жж. биринчи дүйнөлүк согуштан тартып башталат жана ал, тарых барактарында жазылуусуз, актай барак катары калган. Алардын айрымдарын карап көрөлү, мисалы Баткендеги Кан-и-Гут кенине немец туткундарын алып келишкен, Сүлүктүдө Австро-венгер туткундары, Меликсуу менен Айдаркенде да немис жана Австро-венгер туткундары иштешкен.
Согуш туткундары бир гана оор жана зыяндуу өндүрүштө иштеген деген ой жанылыштуу пикир.
Ооз-эки тарых
Сүлүктү шаары маданият үйү 1932-ж.
Аянты: 1331,8 м2 / Чоң зал, чыгармачылык каанасы, киноаппарат жана кинозал бар.
Туткундардын арасында билимдүү адистер, болгондуктан, алар биздин тарыхыбызда мыкты имараттардын белгисиз архитекторлору, эң алгачкы даарыгер, ал эми айрымдары өндүрүштүн технологдору өздөрү болушкан.
Алардын айрымдарын атап өтөлү, мисалы Сүлүктүдө Австриялык туткун Амляхер жана Курдюк даарыгер болуп иштешкен. Ошол эле Сүлүктүдөгү Маданият үйүнүн имаратын (1932-ж.) Австро-венгер туткундары курушкан.
Туткундардын кийинки тагдыры белгисиз, эл оозунда айрым гана эскерүүлөрүндө калган. Алар ооз-эки тарых болуп айрым ак сакал адамдардын эскерүүсү менен гана туткундар тарыхын угууга мүмкүндүк болот. Жогоруда биз айтып өткөн Сүлүктүдөгү Маданият үйүнүн курулушу да таң калыштуу жана бул имаратты көргөн ар бир адам ошол мезгилде (1932-ж) бул курулуштун архитектору өз доорунун генийи деген гана ой келет. Анткени жашы бир кылымга чамалап калган имараттын сырткы жана ички кооздугу, архитектуралык пландоосу бүгүн да аны көргөн адамды таң калтырып суктандырат. Ошол мезгилдеги жергиликтүү элдин курган жипирейген имараттарын алдында мындай кооз маданий имарат бул аймакка сүргүнгө келип калган гений архитектордун гана эмгеги болгондугуна шек жок.
3
Тандоонун эки жагында тең өлүм турган
Ал эми Кадамжайдагы Меликсууда (1916-ж. тартып) вольфрам өндүрүшкөн. Вольфрам өндүрүшүндө адамга өтө коркунучтуу радиациялык таасир болгондуктан бул кенде иштеген адам он жылга жетпей өлгөн деп айтылат. Меликсуудагы кен иштери үчүн анын айланасындагы жергиликтүү элден согушка баруучуларга тандоо берилген ага ылайык аскер же согушка барышы керек, же вольфрам өндүрүшүндө иштеши керек болгон. Тандоонун эки жагында тең өлүм турганын жергиликтүүлөр жакшы түшүнүшкөн. Эл арасында Меликсуудагы жергиликтүү жумушчулардын айрымдары тууралуу кызыктуу окуяларга да туш болдук. Ал төмөнкүдөй, ошол Меликсуу кенинин айланасынан келген жумушчулардын айрымдарынын организми бул радиацияга көнүп калгандыктанбы, айтор бул кенде иштеп мөөнөтү бүткөндөн кийин да узак өмүр сүрүшкөн, же жогоруда айтылгандай өлүп калышкан эмес. Мындан сырткары Кадамжайда Баз деп аталган жер азыр деле бар, көрсө бул жердин чыныгы аталыш База экен, жергиликтүү эл ошол мезгилде бул сөздү укканындай кылып эле айтышып аталыш ушунун улам калып калган. Меликсууда өндүрүлгөн фольфрамды жумушчулар каптап ушул “базага” алып келишип мындан Кызыл-Кыядагы темир жолго жеткиришкен.
Бул чакан макалада Баткен облусунун аймагынын мисалында тарых барактарындагы согуш туткундарынын тарыхын ачыктоого болгон далаалат болду.
© 2014 All Rights Reserves
Facebook | land@scape.eu
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website